Фото - Караколдо 43 млн сомго курулган бала бакча ачылат

Билим АКИpress - Каракол шаарында 43 млн сомдук бала бакчанын курулуш иштери жыйынтыкталып жатат. Шаардын мэриясынын маалыматына караганда, 2015-жылы Нефтяник районунда 120 балага ылайыкталган имараттын курулуш иштери башталган.

Ушул жылдын ноябрь айында бала бакчанын жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп, ал пайдаланууга берилет. Анда балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, жылуулук системасы орнотулду. Кечээ мэриянын атайын түзүлгөн комиссиясы аяктап жаткан курулуш иштери жана жаңы имарат менен таанышып чыккан.

Аталган райондо бала бакча жок болгондуктан жергиликтүү тургундар балдарын шаардын башка аймактарында жайгашкан бала бакчаларга алып барышат.

Булак: Turmush


 

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up