Техникаклык университетте саясий ишмер Исхак Раззаковду эскерүү кечеси өткөрүлдү

Техникаклык университетте саясий ишмер Исхак Раззаковду эскерүү кечеси өткөрүлдү

Билим АКИpress - 25-октябрь — көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнүнө карата борбор калаадагы Исхак Раззаков атындагы үй-музейде анын өмүр жолуна арналган көргөзмө уюштурулган.

Ал эми И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде эскерүү кечеси болду. Иш-чарада архивдерден чогултулган маалыматтардын негизинде жазылган жаӊы китептин 20 чамадай окуу жайга тапшырылды. Эскерүү кече инсандын наамына ачылган фондунун, «Лейлек жаштар» уюмунун демилгеси менен окуу жайдын колдоосунда өткөрүлдү. Кечеге студенттер жана тарыхчылар катышты.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1950-1961-жылдары Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп эмгектенген. Ал Кыргызстанда 16 жыл жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган. Өлкөнүн экономикасына жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон.

Ал 1910-жылы 25-октябрда Фергана облусунун Коросон айылында туулган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up