Жети-Өгүз районунда математика боюнча семинар өттү

Жети-Өгүз районунда математика боюнча семинар өттү

Билим АКИpress - 2017-жылы 23-октябрда Жети-Өгүз районун Балтабай айылындагы А.Арстакеев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин базасында Билим берүүнүн мыкты кызматкери, Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу Абдылдаева Рая Баякуновнанын 65 жылдык мааракесине карата уюштурулган «Математика сабагын орто мектептерде окутуунун актуалдуу маселелери» аттуу семинары болуп өттү.

Семинарга Жети-Өгүз районунун жалпы билим берүү мектептеринин математика мугалимдери катышты.

Семинарда «И.Арабаев кыргыздын тунгуч агартуучусу жана математиги» китебинин автору Байсалов Жоомарт Усубакунович «Азыркы мектептерде математиканын ролу» деген темада, Каракозуева Гүлзада Жеңишбековна «Мектеп курсунда туюнтмаларды тендеш өзгөртүүлөрдүн көйгөйлүү маселелери» деген темада, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Педагогика илимдерин доктору, Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Төлөкожоева Нургүл Ормушева доклад жасашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up