Адеп-ахлак, баалуулукка арналган симпозиум болуп өттү

Билим АКИpress - КРнын президенти 2017-жылды «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Теология факультетинде «Адеп-ахлак жана баалуулуктар» аталышында илимий симпозиум болуп өттү.

Эки күнгө созулган симпозиумдун ачылышы 26-октябрда К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында өтүп, ага университеттин жетекчилери, КРнын Дин иштери боюнча комиссиясынын жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, окумуштуу-илимпоздор, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы симпозиум КРнын Президенти А.Атамбаевдин 2017-жылды «Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялаган жарлыгына ылайык өткөрүлүп жаткандыгын жана учурда адеп менен маданияттуулукка зарылдык күчөп тургандыгын баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү маанилүү маселелердин бири - руханий баалуулуктар. Биз жашап жаткан доор укмуштуудай мүмкүнчүлүктөрдүн, өнүккөн технологиянын, акча жана байлык-бийликтин жогорку чекте гүлдөп жаткан доору. Карап көрсөк, дүйнө бир тарабынан өнүгүп жатканы менен, бир жагынан аксап жатат. Ал адеп-ахлак, ыйман жана руханий байлыктардын азайып баратышы менен аксоодо. Эгер биз руханий баалуулуктардан ажырай турган болсок, бизди туңгуюк каптаары белгилүү. Азыр дүйнө болуп көрбөгөндөй тездик менен өзгөрүп жатат. Маселен, бир күндө барчу жерге 1 саат ичинде жетебиз. Анан да кол телефондун пайда болушу менен адамдар үйүндө да бири-бири менен олтуруп ал–ахыбалын сурап сүйлөшпөй, убактысын телефон менен өткөрүп калышты. Мурункудай болуп кат жазып, кат-кабар аркылуу чыныгы мамиле куруунун ырахаты сезилбей калды. Мына ошентип, ааламдашуу заманында адамзаттын адамдык касиеттери төмөндөп баратканы көрүнүп турат», - деп айтып өттү ал.

КРнын Дин иштери боюнча комиссиясынын өкүлү Шүкүр Шерметов, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Дин кызматы боюнча бөлүмүнүн өкүлү Шамседдин Үнал, Теология факультетинин деканы Мустафа Көйлү сөз сүйлөшүп, симпозиумдун ачылышы менен куттукташты.

Симпозиумдун калган бөлүгү пленардык жана секциялык бөлүктөргө бөлүнүп, 27-октябрга чейин улантылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up