Акын, сатирик М.Алыбаевдин 100 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өтүүдө

Акын, сатирик М.Алыбаевдин 100 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары өтүүдө

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Кыргызстандагы бардык билим берүүчү мекемелерде акын, драматург жана сатирик Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына карата адабий эскерүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

31-октябрда КМУда акынды адабий эскерүү кечеси болуп, кечеге кыргыз эл акын-жазуучулары, коомдук жана маданий ишмерлер, илимпоздор, акындын жакындары жана студенттер катышты.

Университеттин Окуу иштери боюнча проректору Тууганбай Коңурбаев кириш сөз менен иш-чараны баштап, төмөнкүлөргө токтолду: «Мидин Алыбаев көп кырдуу талант. Анын ырлары, чыгармалары адабият тармагында өзгөчө орунду ээлейт. Акындын чыгармалары саналуу болсо да, кыргыз сатирасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон жана чыгармаларындагы ар бир сөзүнө өзгөчө маани берип, куйкум сөз менен куюлуштуруп окурманды өзүнө тарта алган чыгармаларды жараткан», – деген пикирин билдирди.

Куттуктоо сөзү менен КР Жазуучулар Союзунун төрагасы, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов, КР Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери Гүлнара Ибраимова жана «Жумгал» коомунун мүчөлөрү чыгышты.

Мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү башкы адис Эмил Мусаев «Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгы» деген темада илимий баяндамасын окуду.

Студенттер тарабынан «Бюрократ» пьесасынан үзүндү аткарылып, ыр жыйнактарынан алынган чыгармаларынан жана акынга арналган ырларынан көркөм окулду.

Кыргыз элинин белгилүү ырчылары акындын сөзүнө жазылган «Ойлончу», «Соң-Көл», «Сага», «Кең Тянь-Шань» аттуу ырларын аткарышып, коноктордун көңүлүн көтөрүштү.

Акынды эскерүү үчүн келген жакындары: кызы Зарема Мидинова, уулу Медер Алыбаев, күйөө баласы Ильяс Кылычбековдор уюштуруучуларга ыраазычылык билдирүү менен М.Алыбаев жөнүндө жакшы пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын аягында, таланттуу студенттер акындын обондуу ырларынан хор аткарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up