Депутат Баткендеги университеттин курулушу боюнча комиссия түзүүнү суранууда

Депутат Баткендеги университеттин курулушу боюнча комиссия түзүүнү суранууда

Билим АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова (КСДП) Билим берүү жана илим министрлигинен Баткендеги университеттин курулушу боюнча комиссия түзүүнү суранууда.

Ал 9-ноябрда парламенттин жыйынында айткандай, Баткен шаарында мамлекеттик жогорку окуу жай ачуу чечими 17 жыл мурун кабыл алынган, бирок ушул кезге чейин мекеменин имараты жок. 3 миң студент билим алган факультеттердин имараттары Кызыл-Кыяда, Сүлүктүдө жайгашкан.

Депутаттын сөзүнө караганда, Баткен мэриясы имараттын курулушу үчүн 3,5 га жер бөлүп берген. 3 млн сомго тендер да жарыяланып, бирок курулуш иши баштала элек.

К.Орозова министрликтен комиссия түзүп, маселени карап чыгууну суранды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up