Бишкектеги №14 орто мектеби лицей болуп кайра түзүлөт

Бишкектеги №14 орто мектеби лицей болуп кайра түзүлөт — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги №14 орто мектебин лицей кылып кайра түзүүгө даяр. Бул тууралуу 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Тазабек Икрамов комитеттин жумушчу тобу Бишкектеги мектептерди кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө же жаңы мектеп имараттарын курууга тиешелүү чечим чыгарганын эскертип өттү. Анын сөзүнө караганда, ошол эле чечимде №14 орто мектебин кайра уюштурууга тиешелүү пункт бар болчу. Ал комитеттин чечими эмне себептен аткарылбай жатканын сурады.

Билим берүү министринин орун басары Салидин Калдыбаев жакынкы арада мектептер аккредитациядан өтөрүн маалымдады. Анын сөзү боюнча, аталган меткеп аккредитациядан өтөрү менен, аны лицей кылып кайра түзүү боюнча документтер даярдалып баштайт.

Ал ошондой эле, ведомство өкмөттүн мыйзамына мектеп директорлорун 5 эмес, 6 жылга дайындоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизгенин кошумчалады.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up