Өкмөт жылдын аягына чейин 80 мектепти пайдаланууга берүүнү пландоодо

Өкмөт жылдын аягына чейин 80 мектепти пайдаланууга берүүнү пландоодо — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Өкмөт жылдын аягына чейин 80 мектепти пайдаланууга берерине ишенет. Бул тууралуу 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров маалымдагандай, 2015-жылы республикада 69 мектеп, 2016-жылы 77 мектеп пайдаланууга берилген. Бул жылы 80 билим берүү мекемесинин курулушун бүтүрүү пландалууда.

Каржы министри Адылбек Касымалиев ведомство пландалган 2 млрд 239 млн сомдон 1 млрд 782 млн сом бөлүнгөнүн кошумчалады. Ал 80%ды түзөт. Анын сөзүнө караганда, октябрда каражаттар каржыланып бүткөн. Ноябрь-декабрда калган 20% каражаттын бөлүнүшү күтүлүүдө.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өз кезегинде февраль айында 193 билим берүү объектиси капиталдык оңдоп-түзөө иштерине же жаңы курууга муктаж болгонун билдирди. 24 объект жана өзгөчө кырдаалдардан кийин авариялык абалга жеткен 12 объект 2017-жылдын титулдук баракчасына киргизилген.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up