Депутат мектеп директорлорун ротациялоого каршы чыгууда

Депутат мектеп директорлорун ротациялоого каршы чыгууда — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова (КСДП) мектеп директорлорун ротациялоого каршы чыгууда. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, эгер директор начар иштеп жатса, аны башка билим берүү мекемесине которуп салбай, жумушунан бошотуу керек.

«Эгер биз директорлорду ротациялоо тууралуу чечим кабыл ала турган болсок, анда 5 жылдан ашык мөөнөттө талапкерлигин коюуга укугу жок болгон депутаттарды да ротациялоону кабыл алалы. Бир фракцияда болбосо да, башка фракцияда айрымдары 15-20 жыл депутаттыкта отурушуп, ар бир чакырылыштан өтүп жатышат. Бул да өзүнчө ротация болушу керек», - деди депутат.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up