Бишкек мэриясы 2017-жылы шаардагы мектептердин курулушуна дээрлик 400 млн сом бөлгөн

Бишкек мэриясы 2017-жылы шаардагы мектептердин курулушуна дээрлик 400 млн сом бөлгөн — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Бишкек мэриясы 2017-жылы шаардагы мектептердин курулушуна дээрлик 400 млн сом бөлгөн. Бул тууралуу 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова маалымдады.

Анын сөзүнө караганда, 70 млн сом авариялык абалдагы №25 орто мектебин капиталдык оңдоп-түзөөгө, 200 млн сом Ак-Ордо турак жай массивиндеги мектептин курулушуна жана 100 млн сом Калыс-Ордодогу мектептин имаратынын курулушуна жумшалган.

Вице-мэр быйылкы жылы гранттын эсебинен салынган кыргыз-кытай мектеби пайдаланууга берилгенин кошумчалап өттү. Ошондой эле бала бакча курулган.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов комитет ведомствого «Ош» базарынан алыс эмес жерде жайгашкан №19 мектептин айланасына коргоо жана патрулдаштыруу уюштурууну тапшырганын айтты. Анын сөзүнө караганда, патрулдаштыруу республикадагы бардык мектептердин жанына уюштурулган.

К.Асановдун айтымында, №19 орто мектебинин жанына патруль киргизилгенден кийин кылмыш фактылары катталган эмес.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up