Чүйлүк кош бойлуу окуучу төрөгөндөн кийин сынактарды тапшырат

Чүйлүк кош бойлуу окуучу төрөгөндөн кийин сынактарды тапшырат — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Кош бойлуу 7-класстын окуучу кызы төрөгөндөн кийин мамлекеттик сынактарды тапшырат, деп билдиришти 14-ноябрда Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Райондук администрацияга караштуу балдар иши боюнча комитеттин чечими менен кызды Аламүдүндөгү №1 мектептин сырттан окуу бөлүмүнө которушканы маалымдалган. Ал жактан окуучу коомдук тарбиячыдан (класс жетекчиден) жеке тапшырмаларды алып жатат.

«Сырттан окуу бөлүмүндө окуучулардын жетишкендиктери жарым жылда бир жолу сессиялык түрдө бааланат, ал эми окутуу мектептерде окуучулар эс алууга кеткен учурларда жүргүзүлөт. Сессия кыз төрөгөндөн кийин, Жаңы жылдан кийин болот. Ал 9-классты кепилдүү түрдө аяктайт», - деп билдиришти Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up