Ошто «Билим менен бийиксиң» интеллектуалдык таймашы өттү

Ошто «Билим менен бийиксиң» интеллектуалдык таймашы өттү — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Эл аралык жаштар күнүнө карата өткөрүлүп жаткан жумалыктын алкагында Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк» достугу гимназия мектебинде жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарынын окуучулары арасында «Билим менен бийиксиң» аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү.

«Таймаш шаардык жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага билимдүү жаштар, ошондой эле Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Ашим Осмонов катышты. Ал жаштарга алдыдагы ийгиликтерди жана терең изденүүлөрдү каалады. Таймашка активдүү катышкан №25 «Алмалык», №14 К.Алтыбаев, №1 Федченко, №19 Шевченко атындагы мектептеринин педагогикалык жамааттарына Ош шаардык кеңешинин атынан ыраазычылык билдирилди», - деди уюштуруучу Бекмамат Сураничев.

Жыйынтыгында жеңүүчү командаларга Ош шаардык кеңешинин баалуу белектери, окуу китептери тапшырылды.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up