№5 улуттук компьютердик гимназияда жаңы директор

№5 улуттук компьютердик гимназияда жаңы директор — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназияга жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу Билим АКИpress сайтына аталган гимназиянын окуучулары билдиришти. «Мурунку директор соттошуп, ооруканага жатканын мугалимдер айтышты. Азыр биздин мектепке жаңы директор келди», - дешти окуучулар.

Мектеп директорунун кабылдамасынан Муратбек Жумалиев жумуштан бошотулуп, анын ордуна 1-ноябрдан баштап жаңы директор болуп Касымалиев Мурат Үсөнакунович дайындалганын ырасташты.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 12-майында гимназия 1-класска окуучуларды кабыл алууда «кириш төлөмдөрүн» алып жатканы маалымдалган. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттик фракциянын май айындагы жыйынында баласын №5 гимназия мектебине киргизүү үчүн пара бергенин айткан. «Ар бир класста 40-42ден окуучу. Мектепке кирүү кыйын. Мен пара бердим. Мен! Жөнөкөй эл тууралуу эмне дейбиз?» - деп айткан эле депутат.

Кийинчерээк гимназиянын директору мындай билдирүүнү жокко чыгарган. М.Жумалиевдин сөзүнө караганда, депутат Момбеков балдарын №5 гимназияга парасыз эле киргизген. Ал эми ал мектепке көрсөткөн демөөрчүлүк жардам фондго кеткенин, фонддун каражаттарын ата-энелер комитети тескей турганын айткан.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up