№5 гимназиянын директору мугалимдердин арыздануусунан кийин жумуштан бошотулган

№5 гимназиянын директору мугалимдердин арыздануусунан кийин жумуштан бошотулган — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги №5 улуттук компьютердик гимназиянын директорунун алмаштырылышы тууралуу маалымдады.

Маалым болгондой, гимназиянын мугалимдеринин арызданууларынын негизинде Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине кырдаалды карап чыгуу тапшырмасын берген. Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында министрлик билим берүү мекемесинин ишин караштыруу боюнча комиссия түзгөн.

20-сентябрда комиссия Билим берүү министрлигине директор М.Жумалиевдин аныкталган тартип бузуулар жана жалпысынан гимназиянын иш-аракеттери мыйзамга туура келбей тургандыгы жөнүндө корутунду берген. 31-октябрда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алуу тууралуу №5 гимназиянын директорунун отчетун уккан болчу.

Отчетту канааттандырарлык деп табуу менен коллегия министрликке М.Жумалиевди ээлеген кызмат ордунан бошотууну сунуштаган.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up