Б.Бейшеналиева атындагы орто мектеп «Менин мектебим» долбооруна активдүү катышып келет

Билим АКИpress - Аламүдүн районундагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектеп 4-5 жылдан бери «Азамат +» жана «Про Кей Джи» профессионалдар клубунун «Менин мектебим» долбооруна катышып келе жатат.

Бул долбоорго Чүй облусунан 5 мектеп гана катышат. Долбоор жыл сайын мектеп ичинде ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң көп упай алган 3 окуучуга (1-орун 7000 сом, 2-орун 5000 сом, 3-орун 3000 сом) жана жакшы көрсөткүчкө ээ болгон мугалимге акчалай сыйлыктарды берет.

2017–жылдын 10-ноябрында «Азамат+» жана «Про Кей Джи» профессионалдар клубунун мүчөлөрү келип, 9-10-11-класстарынын окуучуларына аталган долбоордун көрсөткөн жардамдары, чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларга кантип, кайсы убакытта тапшырса боло тургандыгы жөнүндө айтып беришип, долбоорлордун жүргүзгөн иштери, алардын лидерлери тууралуу слайд көрсөтүштү.

Окуучулар долбоордун лидерлери кайсы окуу жайларды бүтүрүшкөнү, кантип бул долбоорго келип калганы жөнүндө суроолорду беришип, толук кандуу жоопторду алышты. Долбоордун мүчөлөрү өздөрүнүн даректерин калтырышып, кандай суроо болбосун жардам берүүгө даяр экенин айтышты.

 

 

 

 

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up