Оштогу 500 мектептен жаш мугалимдердин катышуусунда практикалык семинар өтүп жатат

Оштогу 500 мектептен жаш мугалимдердин катышуусунда практикалык семинар өтүп жатат

Билим АКИpress - Араван районунда Ош облусунун «Манас жаштары» уюмунун практикалык семинары өтүүдө. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунан билдиришти.

Семинар Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата уюштурулуп, ага Ош облусундагы 500 мектептин жаш мугалимдери катышып жатат.

Иш-чара «Манас жаштары» уюмунун катышуучуларды салтанаттуу кабыл алуусу менен башталып, мектептеги өз алдынча башкаруу боюнча иштер көрсөтүлдү. Мектеп парламентинин сессиясы, министрлердин мониторингдери, топ башчыларынын аткарган иштери кантип аткарылары тууралуу маалыматтар берилди.

Семинар мектеп окуучуларынын музыкалык композициялары менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up