Памирлик кыргыздар үчүн Нарында ар түрдүү ийримдер уюштурулду

Памирлик кыргыздар үчүн Нарында ар түрдүү ийримдер уюштурулду

Билим АКИpress - Кыргызстанга келген памирлик кыргыздар үчүн орус, англис тилдери боюнча жана компьютердик ийримдер уюштурулду. Бул тууралуу 15-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын маалыматына караганда, азыркы учурда памирлик кыргыздар Нарын шаарындагы №86 кесиптик-техникалык лицейдин базасында билим алып жатышат.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын тапшырмасы менен алар үчүн кыргыз тилдүү мектептердин мектепке чейинки 480 сааттык программасынын негизинде бекитилген окуу программасы иштелип чыккан.

Окутууну Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери жүргүзүүдө. Алардын айтымында, окуучулар, өзгөчө өспүрүм курактагылар «Алиппени» окууда кыйла ийгиликтерге жетишти. Каалоочулар үчүн орус, англис тилдери боюнча жана компьютердик ийримдер уюштурулду.

Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектептин жамааты аларга жардам катары тамак-аш азыктарын жана канцелярдык буюмдарды беришкен. Ошондой эле, тамак-аш азыктарын Нарын шаарынын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал райондорунун тургундары берип, жардам көрсөтүп жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up