Араванда болгону 30 чакты бала ЖРТда 110 упайлык чектен ашкан

Араванда болгону 30 чакты бала ЖРТда 110 упайлык чектен ашкан

Билим АКИpress - «Кыргызстан» парламенттик фракциясы Ош облусунун Араван районунда көчмө жыйын өткөрүп, жергиликтүү тургундардын бир катар социалдык көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүүнүн жолдорун талкууга алышты.

Талкууда билим берүү тармагындагы маселелер дагы көтөрүлдү. Аталган райондо жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен болгону 30 чакты бала 110 упайлык чектен ашып, жогорку окуу жайларына өткөндүгү айтылды. Мындай көрсөткүч 110 миңдей калкы бар Араван району үчүн өтө төмөн экенин айткан фракция депутаттары Билим берүү жана илим министрлигине мектептерди токтоосуз окуу китептери менен камсыздоо талабын коюшту.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү мугалимдер 30-40 жылдык эмгеги бааланбай калганына капа экендиктерин айтып чыгышты. Эл өкүлү Алмаз Токторов азыркы учурда мугалимдер менен дарыгерлердин пенсиясын көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, биринчи окуудан өткөндүгүн маалымдады. Анын пикиринде, мыйзам долбоору дагы эки окуудан өтүп, колдоо тапса, 2019-жылдын 1-январынан тарта пенсия жогорулайт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up