1-2-курстардын студенттери арасында англис тили боюнча сынак өткөрүлдү

Билим АКИpress - 2017-жылдын 30-ноябрь күнү ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин 1-2-курстарынын арасында «Best in English» аттуу сынагы англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучуларынын демилгеси менен болуп өттү. Бул сынак бардык студенттердин кызыгуусун жаратты.

Бул иш-чаранын башкы максаты:
- студенттерге чет тилин кызыгуу менен үйрөтүү;
- чет тилиндеги ырларды эркин ырдоо аркылуу англис тилиндеги фонетикалык процесстерди (ассимиляция,диссимиляция, ж.б.) эркин өздөштүрүү;
- англис тилинде жазылган белгилүү акын-жазуучулардын чыгармаларын көркөм айтып, сөздөргө, сүйлөмдөргө туура басым коюу;
- дүйнөгө таанымал акын-жазуучулардын чыгармаларынан үзүндү аткарып студенттердин жан дүйнөсүн байытуу.

Сынакка катышкан студенттерди туура баалап берүү үчүн атайын факультеттин окутуучуларынан түзүлгөн калыстар тобу активдүү катышкан студенттерди дипломдор менен сыйлашып, иш-чараны жыйынтыкташты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up