ЖАМУнун кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Кытайга барып келишти

ЖАМУнун кызматкерлери тажрыйба алмашуу максатында Кытайга барып келишти

Билим АКИpress - Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кызматкерлеринен турган делегация 18-ноябрдан 28-ноябрга чейин тажрыйба алмашуу максатында Кытай Эл Республикасына кызматтык сапарга барып келишти.

«Иш сапардын максаты ал жактагы жогорку окуу жайлардын кызматкерлери менен жоолугушуп, тажырыйба алмашуу максатында болду. Алгач эле СУАРдын билим берүү мекемесинин башчылары менен жолугуп маек курдук. Андан сырткары, Кытайдын билим берүүсү, Синьцзяндын жана Шаньси провинциясынын тарых маданиятын тааныштыруу лекциясы болду. Андан кийин Синьцзян университетинин алдындагы Эл аралык мамилелер институтунда экскурсия болуп, кытай тили жана маданияты сабагына катыштык. Ошондой эле, Сиань шаарындагы Шаньси университетине да экскурсия болуп, музейи жана корпустары менен тааныштык. Синьцзиян агрардык-техникалык кесиптик институтунда кызматкерлери менен жоолугуштук», – деп билдирди ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова.

Ал эң башкысы ал жактын иш жүргүзүү ыкмасын, өнүгүүлөрүнө күбө болуп, чоң стимул менен кайтышканын, келечекте ЖАМУда колдонуп, университеттин өнүгүүсү үчүн ал жактан алган тажырыйбаларды, кеп-кеңештерди колдонуп, алгылыктуу иштерди аткарабыз деген оюн кошумчалады.

Кытай Эл Республикасына социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгүл Доранова, ПМТФнын деканы Сапарбек Ажикулов, Кара-Көл колледжинин директору Шайырбек Чолпонкулов, окуу бөлүмүнүн башчысы Зульфия Сакбаева жана башкалар барган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up