Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы белгиленди

Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгы белгиленди

Билим АКИpress - 2017-жылдын 5-декабрында КУУнун башкы имаратындагы чоң жыйындар залында акын, драматург жана котормочу_Мидин Алыбаевдин туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган «Таланты таңкы чолпон жылдыз эле» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Кыргыз филологиясы факультети тарабынан уюштурулган жыйынга белгилүү_акын, жазуучулар жана окумуштуулар катышты.

Конференцияны мамлекеттик тил жана тарбиялык иштер боюнча проректор С.Тиллебаев ачып, алгачкы сөздү Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Кыргыз Эл акыны А.Рыскуловго берди.

Ал акындын чыгармачылыгы тууралуу сөз кылып, ырларын жатка билген жаштардын коштоосунда залды жаңырта М.Алыбаевдин ырларынан окуп, «Талантты кадырлаган эл бар экен, окурмандар бар экен, эч кандай демөөрчүсү жок эле ыр майрамын өткөрүп жатасыздар» деп, конференцияны өткөрүп жаткан жетекчиликке, кыргыз филологиясы факультетинин жамаатына, уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин М.Алыбаевдин күйөө баласы Ильяс Кылычбеков, уулу Медер Алыбаев чыгып сүйлөштү. Уулу Медер атасынан жаш калганын, атасы тууралуу эч нерсе айта албагандыгын, ошентсе да атасынын атагын жамынып, эч кандай иш жасабагандыгын эскерип өттү жана жалпы жамаатка рахматын айтты.

Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Б.Жакиев, Кыргыз Эл акыны А.Өмүрканов акынга жолуккан учурларын, ал тууралуу замандаштарынын айткан эскерүүлөрүнөн айтып, залды муютту.

Мидин Алыбаевдин акын катары ажарын ачкан залкар сынчы К.Даутов: «Бул жыйынды бүтүндөй кыргыз элинин салтанаттуу ыр майрамы, башкача айтканда тою десек да жарашат. Мидинди качан окусаң да кайра жыңырып, окугуңду келтирип турат, ал эми кезегинде бир нече сыйлыктарды алып, китеп чыгаруу жагынан алдына ат салдырбаган акын-жазуучулардын кээ биринин ыр саптары эмес, үтүр, чекитинин да дайыны жок болгондор бар. Мидин болгону төрт гана китеп чыгарган, аны да сыясын кургатпай эл талап кетчү. Мидин жаратылышынан ак көңүл, чындыкты бетке айткан, эч кимге жамандыгы жок, түз киши болгон. Кыргыз эли барда, тили барда, Ала-Тоосу барда акындын «Ала-Тоосу» жана башка эл оозунда жат жүргөн ырлары ырдала берет», - деп оюн жыйынтыктады.

Конференциянын соңунда студенттер Мидин Алыбаевдин чыгармаларынан көркөм окуп, атактуу акындын канаттуу ыр саптары оболоду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up