Мектептерде балдарга карата эмоциялык, психикалык, физикалык запкы көрсөтүүгө жол берилбейт, - Билим берүү министрлиги

Мектептерде балдарга карата эмоциялык, психикалык, физикалык запкы көрсөтүүгө жол берилбейт, - Билим берүү министрлиги

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева  Кыргызстандын мектептерине педагогикалык этиканын мугалимдер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы тууралуу буйрук жөнөттү.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, буйрукта билим берүү жөнүндө мыйзамдын 29-статьясына ылайык, балдарга карата эмоциялык, психикалык, физикалык запкы көрсөтүүгө жол бербөө тууралуу айтылат.

Мектептердин жетекчилерине мектептерде педагогикалык кеңештерди өткөрүү, аталган буйрук менен ар бир мугалимге кол койдуруп тааныштыруу тапшырмасы берилди.

Министрликтен Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын Н.Крупская атындагы орто мектептин мугалими Перизат Курманкожоеванын мугалимдик статусту булгоочу жүрүш-турушунан кийин буйрук чыгаруу максаты коюлганын белгилешет.

Жумгал районунун билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен мектеп директоруна сөгүш жарыяланып, мугалим П.Курманкожоева Эмгек кодексинин 2-пунктунун 381-статьясы боюнча жумуштан бошотулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up