Кыргыз окуучу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада «Super Champion» наамын алды

Кыргыз окуучу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада «Super Champion» наамын алды

Билим АКИpress - Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков  5-декабрда менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада «Super Champion» наамын алган Нурхан Таштанов менен жолукту.

Премьер-министр Нурхан Таштановду жеңиши менен куттуктап, эстелик белектерди тапшырды. «Биз Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде көтөрүп жаткан Нурхан сыяктуу балдарыбыз менен сыймыктанабыз», - деди Сапар Исаков.

Ошондой эле, өкмөт башчы келечектеги муунду, жаш таланттарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгегин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Нурхан Таштанов 1-октябрда Тайланддын Бангкок шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алып, «Super Champion» наамына татыган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up