Улуттук университеттин студенттери «Kyrgyz-2017» флешмобуна катышып келишти

Улуттук университеттин студенттери «Kyrgyz-2017» флешмобуна катышып келишти

Билим АКИpress - 2017-жылдын 1-декабрында География ,экология жана туризм факультетинин 1-курсунун студенттери окутуучу Байсеитова Махабат менен биргеликте «Бишкек паркта» өткөн жаткан «Kyrgyz-2017» флешмобуна катышып келишти.

«Ыйман, адеп жана маданият жылынын» алкагында өтүп жаткан бул иш-чаранын максаты — кыргыздын салттуу кийимдерин, музыкасын жана билимдерин кайра жаратуу, түп нүскасын көрсөтүү, сактап калуу жана дүйнө элине даӊазалоо.

Флешмобду уюштуруучулардын бири, «Миң Кыял» коомдук фондунун жетекчиси Айдай Асангулова КУУнун студенттерине салттуу кийим боюнча толук маалымат берди.

Студенттердин айтымында флешмоб эӊ жогорку деӊгээлде өттү. «Бир аз болсо да өз ата-бабаларыбыздын жашоо турмушун көрө алдык жана ушул иш-чарага катышканыбызга кубанып жатабыз», - дешти студенттер.

01

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up