Магистранттар арасында биринчи жолу «Билим майдан» интеллектуалдык таймаш-оюну уюштурулду

Магистранттар арасында биринчи жолу «Билим майдан» интеллектуалдык таймаш-оюну уюштурулду — Билим АКИpress

Билим АКИpress - 5-декабрда КМУнун тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин магистратура бөлүмүнүн 2-курсунун магистранттарынын арасында биринчи жолу «Билим майдан» интеллектуалдык таймаш-оюну өттү.

Декандын орун басары Айнагүл Жоошбекованын айтымына караганда, магистранттардын бул таймашты өткөрүү идеясы педагогикалык практикадан кийин пайда болгон. Анткени педагогдор мамлекеттик билим берүү системасынан тышкары билим деңгээлин өз алдынча байытуу, маалыматтык базасын жогорулатуу жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн көтөрүү, руханий дүйнөсүн байытуу, жаштар арасында биримдикти чыңдоо замандын талабы экенин жакшы түшүнүшкөн.

Таймашка 8 команда: «Ак тилек», «Улан-кыздар», «Келечектин жаштары», «Биримдик», «Эркин-Тоо», «Ынтымак», «СЭОб-11-16», «СЭО-к-32» катышып, оюн 2 тур менен өттү.

1-турда командаларга бардыгы 30 суроо берилип, алардын ичинен озуп чыккан командалар «Ынтымак», «Улан-кыздар», «Ак тилек» жана «Келечектин тарыхчылары» болду.

2-тур финалдык мелдеш деп аталып, анда жеңүүчүлөр аныкталды.

Калыстардын чечими менен 3-орунду «Келечектин тарыхчылары», 2-орунду «Улан-кыздар», 1-орунду «Ынтымак» командалары ээлешсе, баш байге «Ак тилек» командасына ыйгарылды.

Негизинен, жогоруда айтылгандай, таймашка жалпысынан 8 команда катышып, алардын ичинен мыкты деп табылгандары финалдык мелдешке катышкан. Башка таймаштардан өзгөчөлөнүп, бул оюн онлайн түрүндө өтүп, каада-салт, үрп-адат, дүйнөлүк тарых жана белгилүү инсандардын таржымалы сыяктуу тапшырмалардан турган. Андан сырткары көрүүчүлөрдөн да суроолор узатылып, жооптор алынды.

Таймаштын соңунда жеңүүчү командаларга, мыкты оюнчуларга жана уюштуруучуларга факультеттин жетекчилиги тарабынан ыраазычылык каттар жана баалуу сыйлыктар ыйгарылып, бул саамалыкты мындан ары улантуу керектигин катышуучулар баса белгилешти.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up