КМУнун студенттери «Кайдасың, кайрымдуулук?» аттуу кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү

Билим АКИpress - 3-декабрь — Эл аралык майыптар күнүнө карата КМУнун Студенттик өкмөтүнүн жана активдүү студенттеринин «Кайдасың, кайрымдуулук?» аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөн.

Иш-чара чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенти Даменов Жаныбектин демилгеси менен уюштурулуп, ага ар бир факультет-институттардын жетекчилери, активдүү студенттери каражат жагынан көмөк көрсөтүшкөн.

Студенттер ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү максатында Бишкек шаарынын ар кайсы райондоруна бөлүнүп, ак ниет, ак пейили менен бир күн бою кызмат көрсөтүштү.

Ал эми жарандар уюштуруучуларга, кызмат көрсөткөн студенттерге ыраазычылыгын билдиришти.

Иш-чарага катышкан студенттер: Даменов Жаныбек, Сагынаалы кызы Бактыгүл, Урматбек уулу Нарынбек, Кубатбекова Чолпонай, Жакешова Айсулуу, Моңолдор кызы Элизат, Жанышова Назгүл, Тилекбек уулу Жолдош, Сексенбекова Гүлмайрам, Таалайбекова Махабат, Догдурбек уулу Жеңишбек, Дүйшөнбек уулу Баяс, Тойкулов Акпарали, Жаңыбаева Асел ж.б. болушту.

Ал эми 5-декабрь күнү студенттердин мындай кайрымдуулук ишине университеттин жетекчилиги ыраазычылык билдирип, катышуучуларга Ардак грамоталарды тапшырды.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up