№4 мектеп-гимназиясында «Мыкты манасчы» кароо-сынагы өттү

№4 мектеп-гимназиясында «Мыкты манасчы» кароо-сынагы өттү — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы катары манас айтуу өнөрү кылымдарды карытып келет. Мына ошол өнөрдү улай, 4-декабрь — Манас күнүнө карата «Мыкты манасчы» аттуу Свердлов райондук кароо-сынагы №4 мектеп-гимназиясында 1-декабрда болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ишеналиева катышып, куттуктоо сөзү менен бирге жаш таланттарга ийгилик каалады.

Кароо-сынакка бала-бакчадан тартып, мектеп окуучуларына чейин катышып, мыктылары жаш-курагына карай иргелди. Аталган сынактын жеӊүүчүлөрү Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн алдында өтүүчү «Жаш манасчы» кароо-сынагына жолдомо алышып, баалуу белектер менен сыйланышты. 


Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up