Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканага 50 жыл

Билим АКИpress - 2017-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын 50 жылга толгондугуна байланыштуу салтанаттуу мааракелик иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ишеналиева катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөө менен бирге республикада инновациялар системасын өнүктүрүүдө жана мамлекеттик тилдеги адабияттарды топтоо, сактоо жана жайылтууга кошкон салымдары үчүн М.Мусаевага «Кыргыз тили» төш белгисин, А.Султаналиевага Улуттук комиссиянын «Ардак грамотасын» тапшырды.

Маалыматтарга таянсак, 1967-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин Токтомунун негизинде Республикалык илимий-техникалык китепкана (РИТК) уюштурулган. Илимий-техникалык прогрессти өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө илимий-техникалык адабияттардын жана ченемдик-техникалык документациялардын фондун толуктоо жана уюштуруу түзүлүүнүн максаты болуп саналган. 50 жылдын аралыгында китепкана өзүнүн түзүмүн, маалыматтык ресурстарын, жамааттык жана жеке абоненттерди ыкчам китепканалык-маалыматтык тейлөө үчүн кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу менен этаптуу өнүгүп отурган.

1998-жылы китепкана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патенттик кызматынын карамагына өткөрүлүп берилип, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана деп кайра аталган. Азыркы учурда китепкана өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандарына, алардын интеллектуалдык ишмердүүлүктөрүнө көмөктөшүүдө китепканалык-маалыматтык тейлөөнү кеңейтүүгө жумшап келет. 2016-жылы китепкана «Электрондук китепкананын электрондук толук тексттик маалыматтар базаларын түзүү» долбоорун даярдаган. 2017-жылдан тартып Кыргызпатенттин жардамы менен китепкананын ресурстарын санарипке өткөрүү жана электрондук маалыматтар базаларын түзүү боюнча активдүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up