«Жаш окумуштуулардын инновациялык долбоорлору - 2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (аты-жөнү)

«Жаш окумуштуулардын инновациялык долбоорлору - 2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (аты-жөнү) — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президиумунун сынактык комиссиянын чечими менен, №55 жарлыгына ылайык, төрт талапкер 2017-жылдын 10-ноябрда 1-орунга жана акчалай сыйлыкка татыктуу болушту:

- Сергей Николаевич Верзунов (илим изилдөө чөйрөсү: маалыматтык технологиялар, тексттик маалыматтарды иштеп чыгуу);

- Уланбек Субанкулович Кадыркулов (илим изилдөө чөйрөсү: ультрадисперстик порошоктуу металлдарды тез кызуучу жана аморфтуу структуралуу эритмелерди алуунун электрофизикалык технологиялары, металлдын бетиндеги жабууну калыптандыруу, алынган материалдардын ичке структурасын изилдеп, аларды композиттик материалдарды катализде жана түзүүдө пайдалануу);

- Рыскул кызы Гүлзат (илим изилдөө чөйрөсү: атомдуу-эмиссиялык спектроскопия жана плазматрондорду табигый заттарды анализдөө үчүн пайдалануу);

- Миргүл Бакаиновна Текешова (илим изилдөө чөйрөсү: адабият таануу).

Жеңүүчүлөрдүн бири, УИАнын Автоматика жана маалыматтык технология институтунун улук илимий кызматкери Сергей Верзунов «Академ Пресстин» редакциясына, анын илим менен алектенүүгө эмне түрткү болгонун айтып жатып: «Бул кесиптик даражаны жогорулатуу үчүн жакшы стимул берет; башка изилдөөчүлөр таба албаганды биринчилерден болуп ачуу жеткире алгыс кубанычты тартуулайт», - деп кошумчалады.

УИАнын Ж.Жеенбаев атындагы Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институтунун илимий кызматкери Рыскул кызы Гүлзат: «Кичине кезимден тергөөчү болуп бир нерсени иликтегенди жактырсам, барган сайын физика илимине кызыгуум артты. Себеби физика илиминде дагы, мисалы, 1 тоннада канча элементтер бар жана башка заттарды кубулуштарды изилдесе болот турбайбы деген ой келди. Кийинчерээк бул илимге көңүл буруп терең изилдөөнү максат кылдым», - деди өз сөзүндө ал.

УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери Миргүл Текешова ушундай сынактар дагы улантыла берсе деген ойлорун айтуу менен төмөнкүлөргө токтолду: «Жаш окумуштууларды илимий изилдөөлөргө тартуу мамлекетибиздин келечеги үчүн абдан маанилүү», - деди.

Эске салсак, сыйлык тапшыруу аземи 10-ноябрдагы Илим күнүндө, КРнын Өкмөт башчысынын катышуусунда болуп өткөн.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up