Ош шаарында Өзбекстандын каражаты менен мектеп курулууда

Ош шаарында Өзбекстандын каражаты менен мектеп курулууда — Билим АКИpress

Билим АКИpress - Жогорку Кеӊеште Ош шаарында Өзбекстандын каражаты менен мектептин жаңы имаратын куруу тууралуу эки тараптуу келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, ал бардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өзбек тараптын каражатына курула турган Навои атындагы мектеп кыргыз тилинде билим берчү мекеме болорун, ал үчүн атайын программа даярдалып жатканын белгилеп, анын курулушу менен билим сапатын көзөмөлгө алууга убада кылды. Андан тышкары, мектептин жаӊы имараты өзбек тараптын куруучулары тарабынан салынып жатат.

Обсуждения закрыты
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up