Мамлекеттик тил боюнча республикалык конференция өттү

Мамлекеттик тил боюнча республикалык конференция өттү

Билим АКИpress - «Мамлекеттик тил боюнча улуттук программа билим берүү мекемелеринде: аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өтөт.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте 2017-жылдын 30-ноябрында «Мамлекеттик тил боюнча улуттук программа билим берүү мекемелеринде: аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү катышты.

«Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын» жалпы билим берүүчү мекемелеринде аткарылышы, көйгөйлөрү жана келечеги ЖОЖдордо ишке ашуусу жана башка маселелер тууралуу сөз болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up