Б.Бейшеналиева атындагы мектепте «Кыз-жигит сармерден» оюну өткөрүлдү

Билим АКИpress - 2017-жылдын 7-декабрында Аламүдүн районунун Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинде «Ыйман, адеп, маданият» жылынын жыйынтыгы катары «Кыз-жигит сармерден» оюну өткөрүлдү. Бул сармерденге 9 «В» жана 10 «В» класстарынын кыз-жигиттери катышты.

Сармерден салттуу оюн катары кыргыз ырлары, макал-лакаптары, жаңылмачтары, кыргыз бийи жана комуз күүсүнүн коштоосунда шаңдуу өттү. Сармерден оюнунун жыйынтыгын мугалимдер жамааты акылдашып, кептешип, «Кыздын кырк чачы улуу» деп кыздардын командасына жеңишти ыйгарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up