Кадамжайдагы 11-класстын окуучусу астрономия боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып келди

Кадамжайдагы 11-класстын окуучусу астрономия боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып келди

Билим АКИpress - Кадамжайдагы «Семетей» лицейинин 11-классынын окуучусу Данияр Жолматов Тайландда өткөн Астрономия жана астрофизика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып келди. Бул тууралуу Кадамжай «Семетей» лицейинен кабарлашты.

Олимпиада Тайланддын Пхукет шаарында 12-ноябрдан 21-ноябрга чейин болгон. Жарышка 43 мамлекеттен 245 окуучу катышып, алардын арасындагы Данияр Жолматов Эл аралык олимпиадага катышкандыгын тастыктаган сертификат алды. Бул сертификат Азиядагы университеттерден ар кандай жеңилдиктерди алууга шарт түзөт.

Данияр Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн тургуну. Ал лицейге чейин Кулунду айыл өкмөтүндөгү гимназия мектебинде билим алган. Олимпиадага Кыргызстандан жолдомо алган 5 окуучу катышып келишти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up