Бишкектеги №52, №76 орто мектептерге интерактивдик такталар белекке берилди

Бишкектеги №52, №76 орто мектептерге интерактивдик такталар белекке берилди

Билим АКИpress - Жаңы жылды утурлай «Аламүдүн» ЖЧКнын жетекчиси Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №52, №76 мектептердин жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда мектеп көйгөйлөрү, мектептеги коопсуздук жөнүндө кеп козголду. Өзгөчө билим берүү системасындагы инновациялык жаңылануулардын мектептерге киргизилиши тууралуу кеңири маек курулуп, өспүрүм муундарга терең билим берүү жагындагы жетишпестиктерге көңүл бурулду.

Ал эми татыктуу билим алып, изденүү үчүн атайын белек катары алынып келген интерактивдүү такталар ар бир окуучунун терең билим алуусуна көмөк көрсөтөт, деген ишеничин ишкананын башчысы Р.Мааткабылов белгиледи. Ошондой эле, ар бир мугалимге, окуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up