Түптөгү мектепте СПИДге каршы күрөшүүнүн айлыгы жыйынтыкталды

Түптөгү мектепте СПИДге каршы күрөшүүнүн айлыгы жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Түптөгү Ш.Султанов атындагы Ой-Тал орто мектебинин жогорку классынын окуучулары ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүнүн айлыгын жыйынтыкташты.

4-класстын окуучулары «СПИД — ХХI кылымдын чумасы» аталышындагы КВНге катышып, дубал гезиттер менен эмблемаларын жакташып, ден соолук, жашоо, тамак-аш жана спортко байланыштуу макал-лакаптарды айтышты жана ырларды аткарышты. Темага байланышкан суроолорго жооп беришип, «Сергек жашоо турмушун үгүттөө боюнча» чакан көрүнүштөрдү тартуулашты.

КВНдин аягында мектеп окуучулары миграцияга барып келишкен ага-эжелерин өздөрүнүн жана тегерегиндегилердин ВИЧтен сактануу коопсуздугун сактоо боюнча райондогу, облустагы СПИД борборлоруна барып жашыруун тестирлөөдөн өтүп келүүгө үндөмөй болушту.

«Жыйынтыгында 9 «А» класстын «Надежда» командасы 119 упай, 8 «А» класстын «ЗОЖ» командасы 117 упай, 8 «Б» класстын «Ден соолук» командасы 113 упай, 11 «А» класстын «Антивирус» командасы 97 упай топтошуп, жеңүүчүлөр мектеп администрациясы тарабынан мактоо баракчалары менен белектерди алышты», - деди мектептин соцпедагогу Гуля Мадиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up