Хирург М.Мамакеев менен студенттердин жолугушуусу өттү

Хирург М.Мамакеев менен студенттердин жолугушуусу өттү

Билим АКИpress - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдык мааракесине карата студенттер менен хирургдун жолугушуу кечеси өткөндүгүн «Инсандык өнүгүү» студенттик клубунун координатору Акылбек Бакай уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган студенттик клубу тарабынан уюштурулган жолугушуу кечесине келген хирург М.Мамакеев баштан аягына чейин өзүнүн баскан жолу, ийгилиги туурасында студенттерге кызыктуу маек куруп берди.

«Жолугушуу студенттере аябай жакшы таасир берди. Улуу хирург агабыз балалык кези, согуш мезгилинде көргөн азабы, студенттик кези туурасында бизге аябай кеңири айтып берип, айрым учурларда көзүнө жаш алып жатты», - дейт А.Бакай уулу.

Жолугушуунун жүрүшүндө хирург М.Мамакеев өзү жазган бир нече китептерди студенттерге кол тамгасын калтыруу менен белек катары берди жана студенттерге төмөндөгүдөй билдирүү кылды: «Мен ким элем, ким болдум? Дайыма айтам, адам жеңбей турган эч нерсе жок. Талантың менен эмгегиң айкалышсын, ошондо гана ийгиликке жетесиң. Канча жыл иштедим, бир жерге бир мүнөт да кечиккен эмесмин. Баштаган ишиме жарым саат мурун даяр болбосом өзүмдү кечире албайм. Буюрса, жаштар менен билим менен келечегибиз кең болот. Эң күчтүү өлкөлөрдүн бири болобуз. Эң негизгиси — адам болгула!», - деп батасын берди М.Мамакеев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up