«Дени сак эл» ассоциациясы калктын ден соолугуна кам көрүп келет

«Дени сак эл» ассоциациясы калктын ден соолугуна кам көрүп келет

Билим АКИpress - Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн «Дени сак эл» ассоциациясы учурда калк аралап, кайрымдуулук иштерди жасап, элдин ден соолугун чыңдоо, ооруларды алдын алуу багытындагы иштерди жасап келет.

Учурда «Дени сак эл» ассоциациясынын курамында ОшМУнун медицина факультетин аяктап, Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы түрдүү медициналык мекемелерде үзүрлүү эмгектенип жаткан 22 адистик боюнча 70тен ашуун дарыгерлер, медайымдар эмгектенүүдө.

2017-жылдын 14-апрелинде атайын каттоодон өткөн ассоциацияга мүчө болгон 28 дарыгер алгач Өзгөн районунун Ак-Жар айылында 1427 жаранды профилактикалык медициналык кароодон өткөрүшкөн. Ушул жылдын 13-14-май күндөрү Кочкор-Ата шаарынын 2517 тургунун текшерип, 10-11-июнда 40тан ашуун дарыгер Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында болуп, 2768 жаранды, 5-августта Ош шаарында жайгашкан «Боорукердик» үйүндөгү 29 улгайган адамдарды, 33 жаш бөбөктөрдү кароодон өткөрүп, керектүү багыттамалар берилген.

9-10-сентябрда Салам-Алик айыл өкмөтүнүн чакыруусу менен 36 дарыгер барып, 1427 адамды медициналык кароодон өткөрүшсө, 30-октябрда Кара-Суу районундагы дүлөйлөр жатак мектебинде 177 өспүрүмдү текшерүүдөн өткөрүп, дары-дармектер менен камсыздашкан. 11-12-ноябрда Чоң-Алай районунун табият кырсыгы болгон Жекенди, Дароот-Коргон айыл аймагында 2785 адамга медициналык жардамдар берилген. 2-3-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүндө 2817 жаранды медициналык кароодон өткөрүшкөн. Бул иш-чараларда дасыккан дарыгерлер өздөрү менен кошо атайын көчмө аппараттар, дары-дармектер менен барып, айрым айыл тургундарын үйлөрүндө көрүшкөн. Ошондой эле, дарыланууга муктаж инсандарды ооруканаларда дарылануусуна шарт жаратып беришкен.

Ассоциация эч жактан каржыланбайт. Анда тармактардагы адис дарыгерлер ыктыярчылык менен гана алектенип, элдин ден соолугун акысыз текшерип, кеп-кеңештерди берип келишет. Буга чейин алар каражат топтоп, социалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген, оорукчан адамдардын операциясын каржылап келишкен.

Бул ассоциацияга мүчө дарыгерлер жумушуна тоскоол болбой, дем алыш күндөрү, өздөрүнүн каражаттарына облустун алыскы аймактарына чейин барып иштеп келишет. Ушул жылдын 22-декабрында ОУДТда кайрымдуулук марафонун уюштуруу пландалып жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up