Кыргыз балдарга мейманкана бизнесин үйрөткүм келген, бирок алар ашпозчу болуп кетишти, - япон ыктыярчы

Жаңылыктар | 14:58, 10-январь 2018 | Жаңыртылган 16:58, 11 январь 2018 | 1 369
Кыргыз балдарга мейманкана бизнесин үйрөткүм келген, бирок алар ашпозчу болуп кетишти, - япон ыктыярчы

Билим АКИpress - Япониядагы Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ыктыярчысы Такаши Такеючи Чүй облусунун Сокулук районундагы №43 лицейде 2 жыл иштеп, Жаңы-Жер айылындагы жатаканада жашаган. Ал Кыргызстандагы жашоосу жана педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу Билим АКИpress сайтына айтып берди.

- Такаши сан, жаңылышпасам, сиз кесиптик лицейге жумушка жөнөтүлгөн JICAнын үчүнчү ыктыярчысы болосуз. Өзүңүздүн студенттериңизди эмнеге үйрөтчүсүз, айтып бериңизчи?

- Менин окуучуларым 15 жаштан 18 жашка чейин. Лицейде мен мейманканалар, сервистер, кызматтар тууралуу сабак өтчүмүн. Сабактар япон жана англис тилдеринде өтүлчү. Мындан тышкары, мен окуучуларга мораль окур элем.

- Мораль? Кененирээк айтып берсеңиз, кызык болуп жатат.

- Башынан айтып берейин. Мен лицейге келгенде мейманкана бизнесинен жана сервистен сабак бере баштадым. Менин курсум 1 жыл окулду, бирок кийинки жылы тайпа тарап кетти, анткени лицейдеги көпчүлүк студенттер ашпозчу жана официант болгусу келди. Ошондуктан кийинки жылы мен япон жана англис тилинен сабак берип, мораль окудум. Кыргызстанда бул этика деп аталат.

Мисалга, мен окуучуларда максат, кыял жок экенин байкадым. Алардан эмне жөнүндө кыялданарын, эмнеге жеткиси келерин сурачумун. Өз кыялындагы нерсенин презентациясын жасап келүүлөрүн, эмнеге алар ошол тууралуу кыялданарын айтып берүүлөрүн суранган элем. Ошондо көпчүлүктүн максаты тандаган кесибине туура келбери айкын болду. Айрымдары дизайнер, башкалары окутуучу болгусу келет, кээ бири саякаттоону кыялданат. Мен аларга максат коюуну, максатка жетүү милдеттерин аныктоону, иш-аракеттердин планын түзүгөндү үйрөтчүмүн.

- Японияда эмне менен алектенчүсүз? Эмне үчүн жашооңуздун 2 жылын ыктыярчылыкка арноону чечтиңиз?

- Японияда мен Нагано шаарындагы мейманканада ресепшн болуп эмгектенчүмүн. Университетти бүтүргөндөн кийин мейманкана тармактарын, лыжа базаларын жана гольф талааларын башкарган компанияда иштегем.

Мен эмнеге Кыргызстанга келдим? Мен 34 жаштамын. Ушул кезге чейин мен өзүмдү гана ойлоп, өзүм үчүн иштегенимди түшүнүп, мурунтан эл аралык кызматташтыктарга кызыгып жүргөндүктөн, Япониядагы иш тажрыйбамды өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө багыттоону чечтим. 2 жыл ыктыярчылык — бул жакшы. Лицейде мен слайд аркылуу дүйнөдөгү мейманканалардын түрлөрүн көрсөтүп, швейцарлардын, жүк көтөрүүчүлөрдүн, ресепшн кызматкерлеринин, башкаруучулардын, горничнаялардын, бармендердин иши тууралуу айтып берер элем. Мейманканалардагы ресторандар жөнүндө айтчумун. Окуучулар мейманканада иштегиси келет деп ойлочумун, бирок алар чындыгында кызыгышпаптыр.

- Негизи ыктыярчылар өлкө боюнча саякатташат, сиз да кыдырсаңыз керек? Чет өлкөнүн өкүлү катары туризм тармагында көзүңүзгө эмне урунду? Кандай жетишкендиктерди жана кемчиликтерди айта аласыз?

- Ооба, мен Ысык-Көлдөгү Караколго, Чолпон-Атага жана Ат-Башыдагы Таш-Рабатка бардым. Кыргызстанда кооз жерлер абдан көп, бирок сервис азырынча жакшы эмес. А бул аябай маанилүү. Эгер сервисти өнүктүрсө, туристтер кайра-кайра келип турушат. Кыргызстан эли кайрымдуу жана жаратылышы кызыл. Өзгөчө тоолор кооз экен. Туризм тармагында эмнектенгендер англис тилин билиши кажет. Мисалы, Сокулукта же Нарында бардыгы кыргыз тилинде гана сүлөшөт, чет өлкөлүктөргө бул ыңгайсыз. Кышында болсо бул жакта лажа туризмин активдүү өнүктүрсө болот. Мисалы, мен өзүм Чунгурчак менен Караколдо болдум. Сезимдер унутулгус.

- Өз тажрыйбаңызга таянып, өлкөдөгү коопсуздук деңгээли тууралуу эмне айта аласыз?

- Мен Жаңы-Жер айылындагы №43 лицейдин мугалимдер үчүн жатаканасында жашадым. Коопсуздук менен баары жайында болду, адамдар жакшы, мага жардам берип жатышты. Бирок өткөн жылы коңшу айылга самолет кулап түштү.

Соңунда 2 жылдык ыктыярчылык ишимди ийгиликтүү аяктап жатканыма кубанычта экенимди белгилеп кетким келет. Өзүм көп нерселерди билип алдым, кыргыз балдар менен достоштум. Кереметтүү лагман менен ашлян-фу ар дайым эсте болот. Мага колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычык билдирип кетким келет.

- Кыргызстан калтырган сезимдерди кайсы сөз менен атап кетет элеңиз?

- Сыйкырдуулук. Кыргызстан сыйкырдуу өлкө. Качандыр бир кезде мен сөзсүз кайра келем.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up