Мектепке муз тоңгон чачтары менен келген окуучу «Снежинка» атка конду

Мектепке муз тоңгон чачтары менен келген окуучу «Снежинка» атка конду

Билим АКИpress - Кытайдын Юньнань провинциясында класска муз тоңгон чачтары менен чуркап кирген кичинекей бала «Снежинка» атка конду. 10 жаштагы бала мектепке -9 градус суукка карабай сынак тапшыруу үчүн барган, деп билдирет The Sun.

Ызгаардуу суукта 5 чакырым аралыкты басып өткөн баланын сүрөтү популярдуу боло баштаган. Мектеп директорунун сөзүнө караганда, атактуу болгон бала кызык кырдаалдарга кабылып, классташтарын күлдүрүп жүрөт.

Аты аталбаган бул окуучу ата-энеси дайыма жумушта болгондуктан алардан өзүнчө жашайт. Аны башка балдар менен чогуу улгайган чоң энеси менен чоң атасы карайт.

Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up