Жезкен айылындагы мектепте бир класста экиден гана окуучу окуйт

Жезкен айылындагы мектепте бир класста экиден гана окуучу окуйт

Билим АКИpress - Лейлек районунун Жезкен айылындагы мектепте айрым класстарда экиден гана окуучу билим алат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, мектепте жалпы 70 окуучу бар. Алардын ичинен экөө 10-класстын, экөө 11-класстын окуучулары. Айрым класстарда окуучулардын саны 14кө жетет.

Учурда имаратта болгону 4 класстык бөлмө бар. 7-8-9-класстын окуучулары сабакты бир класста өтүшөт. Алардын баарын бир эле мугалим окутат. Мисалы алгач 7-класстан үй тапшырмасын сурап, андан кийин 8-класс, акырында 9-класстын окуучуларынын билимин текшерет. Муну менен бир мугалим 1 эле саатта 3 класстын окуучуларын окутат. Мектепте жалпысынан 10 мугалим эмгектенүүдө.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, бул мектеп өзбек тилдүү мектеп. Жезкен айылы район борборунан 30 чакырым алыста жайгашкан. Имарат 2001-жылы ашар жолу менен курулган болчу. Учурда мектептин имараты кооптуу абалга келип, элеттиктер бийликтен жаңы имарат куруп берүү маселесин чечүүнү суранууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up