Маркум Темир Жумакадыров жогорку билим алган факультетте анын атынан стипендия уюштурулду

Маркум Темир Жумакадыров жогорку билим алган факультетте анын атынан стипендия уюштурулду

Билим АКИpress - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар факультетинде Темир Жумакадыров атындагы стипендия уюштурулду. Бул тууралуу аталган ЖОЖдон билдиришти.

2017-жылдын 7-октябрында унаакырсыктан каза болгон вице-премьер-министр аталган факультетти аяктап, андан кийин ошол эле жерде окутуучу болуп эмгектенгени белгиленет. «Ал жаш саясатчылардын үлгүсү жана сыймыгы болчу. Анын жаркыраган билими, активдүү турмуштук позициясы, жөнөкөйлүгү жана даанышмандыгы ар дайым факультеттеги окутуучулар менен студенттердин эсинде калат. Темир Жумакадыров принципиалдуу чынчыл мугалим, таланттуу жетекчи жана боорукер адам болгон», - деп эскеришет ал тууралуу ЖОЖдогу кесиптештери.

Темир Жумакадыров атындагы стипендиянын максаты — студенттердин андан аркы профессионалдык өсүшү үчүн алардын арасынан жаш лидерлерди, илимий кадрларды, социалдык активдүү адамдарды аныктоо жана түрткү берүү.

Жобого ылайык, бир жолку стипендия жыл сайын 2 студентке тапшырылат. Стипендиянын фонду атайын, демөөрчүлүк жана башка каражаттардан түзүлөт. Стипендиянын көлөмү университеттин администрациясы тарабынан аныкталат. Стипендия алууга билдирмелерди ЖОЖдун администрациясы менен чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар факультетинин демилгелүү тобу караштырат.

Темир Жумакадыров атындагы стипендияны Кыргызстандын жарандыгына ээ болгон, жогорку социалдык активдүүлүгү, жарандык позициясы жана жогорку жоопкерчиликтүү мыкты окуусу менен айрмаланган 25 жашка чейинки КУУнун студенттери менен магистранттары ала алышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up