Улуттук университетте мамлекеттик тилди окутуу маселелери талкууланды

Улуттук университетте мамлекеттик тилди окутуу маселелери талкууланды

Билим АКИpress - 2018-жылдын 11-январында Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратындагы кичи жыйындар залында «Ааламдашуу процессиндеги адистик билим берүү жана мамлекеттик тилди окутуунун формалары менен методдорун өркүндөтүү» аттуу окуу-методикалык семинар болуп өттү. Жыйындын катышуучуларын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Тиллебаев куттуктады.

Ал бүгүнкү семинардын актуалдуулугун белгилеп, иш-чаранын ишине ийгилик каалады жана жыйындын уюштуруучусу, факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын жетекчиси Гүлмира Осмоналиевага өзүнүн жана ректораттын атынан ыразычылык билдирди.

Окуу-семинардын биринчи бөлүгүн Билим берүү академиясынын педагогикалык билим берүү борборунун жетекчиси К.Добаев алып барды. Ал ааламдашуу мезгилиндеги билим берүүнүн ыкмаларына кеңири токтолуп, Болон системасындагы модуль, критерийлер, рейтинг, Силлабус жана Казакстандагы мамлекеттик тилге тиешелүү жаңы КЛИР системасы тууралуу жеткиликтүү, илимий негизде баяндап берди.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти Г.Дуйшеева жаңы талаптарга жооп берген «Кылым карыткан кыргыз тили» аттуу китебин презентациялады жана Силлабусту кандай түзүш керегин айтып, көрсөтүп берди.

Талкуудан кийин семинар жыйынтыкталып, жигердүү катышкандарга сертификаттар тапшырылды.

01

Аталган семинар факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын демилгеси жана Билим берүү академиясынын педагогикалык билим берүү борбору менен биргеликте өткөрүлүп, ага факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын профессордук-окутуучулар жамааты, Кыргыз-орус славян университетинен, Бишкек гуманитардык университетинен, Кыргыз медициналык акедемиясынан, «Манас» университетинен, Чыгыш университетинен келген кафедра башчылары жана мугалимдер катышты.

Келген коноктор семинардын жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилешип, ыразычылыгын билдиришти жана уюштуруучуларга алкыш айтышты. Алар Ж.Баласагын Кыргыз улуттук университети — Кыргызстандагы бүт университеттерге үлгү, илим, билим берүүнүн өргөсү экенин баса белгилешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up