КУУнун студенти самбо боюнча Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи

КУУнун студенти самбо боюнча Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи

Билим АКИpress - Кыргыз улуттук университетинин бизнес жана башкаруу факультетинин студенти Абдумалик кызы Самара самбо боюнча Азия чемпиондугунда 52 кг салмак категориясында 2-орунга ээ болду. Ошол эле убакта ал Нови-Сад шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышып, 3-орунду алган.

Декандын орун басары маалымдагандай, Самара күрөш жана самбо боюнча турнирлерге 2014-жылдан бери катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. 2014-жылы ал кыздар күрөшү боюнча жаңы жылдык турнирге катышып, 3-орунду алган. 2015-жылы сумо күрөшү боюнча шаар биринчилигинде жана 2016-жылы эл аралык турнирде 1-орунду багындырган. Ошондой эле, ал жаштар арасындагы КР чемпиондугунда кыздар күрөшү боюнча жана пляждык күрөш боюнча КР чемпиондугунда 1-орунду камсыз кылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up