Караколдогу балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги мектеби капиталдык ондоого муктаж

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы Балдар өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектебинин башкы кеңсеси капиталдык ондоого муктаж. Бул тууралуу аталган мектептин жамааты билдирди.

Шаар депутаты, машыктыруучу Бейшен Сабатаровдун айтымында, имараттын короосунда жайгашкан айрым бөлмөлөр кулап калуу коркунучунда турат.

«Учурда эки тирөөч гана дубалды кармап турат. Анан ал жерде 2-3 кызматкер дайыма иштейт. Аларды басып калса эмне болот? Учурда бул имаратты оңдоо үчүн каражат сурап, мэрге, шаардык кеңештин төрагасына да кайрылдык», - дейт ал.

Аталган мектептин жетекчиси Каныбек Шазыдаевдин айтымында, оңдоо иштерине смета боюнча 1,5 млн сом керек.

«Эгер каражат берилип, оңдолуп калса бул жерге улуттук ордо жана тогуз коргоол класстарын ачабыз. Ордо боюнча шаардын балдары дайым алдыңкы орундарды алышат. Бирок учурда алар орто мектептерде даярданышат», - дейт ал.

Аталган имаратта 1918-1920-жылдары революциялык аскерлердин жөө полку жайгашкан.

Булак: Turmush



Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up