Кара-Кулжадагы мектептерге диний китептер таркатылды

Билим АКИpress - 16-январь күнү Кара-Кулжа районунун ар бир мектебине ОшМУнун теология факультети 20 түрдүү китептерди жана Курандын кыргызчасын таратты. Бул тууралуу аталган факультеттен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кара-Кулжа районунун администрациясынын имаратына райондогу мектептердин директорлору чакырылып, аларга теология факультетинин өздүк басылмасынан 20 түрдүү китеп жана Курандын кыргызчасы таратылды.

Ошондой эле, аталган райондо жайгашкан Шарип-Ата лицейинин бардык мугалимдерине жана китепканасына, Кара-Гуз айыл өкмөтүндө жайгашкан А.Мурзаибраимов атындагы мектептин, «Апыз» орто мектебинин мугалимдеринин ар бирине Курандын кыргызча котормосу жана 20 түрдүү китептер берилген.

Аталган китептер 2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылына карата ОшМУнун теология факультетинин аймактардын руханий дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө салым кошуу иш-чарасынын алкагында таратылды.

аталган районундо жайгашкан
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up