Улуттук университеттин окутуучусу ЖОЖдун каражаттары максатсыз сарпталууда деген пикирин билдирүүдө

Улуттук университеттин окутуучусу ЖОЖдун каражаттары максатсыз сарпталууда деген пикирин билдирүүдө

Билим АКИpress - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Клара Сулайманова ЖОЖдун каражаттары максатсыз пайдаланылууда деген пикирин билдирүүдө. Бул тууралуу ал 17-январда АКИpress маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

К.Сулайманова жарым жыл мурун ректор болуп дайындалган Канат Сыдыковдун кадрдык жана финансылык саясатын туура эмес деп эсептейт. Ал ошондой эле, 295 студент да университеттеги каржынын чыгымдалышына нааразы экенин айтты. Анын айтымында, ал укук коргоо органдарына кайрылып, бирок күтүлгөн реакция алган эмес. Анын билдиришинче, Сыдыков 7 ректордун кеңешчиси кызматын жана 131 кошумча штаттык бирдикти киргизип, жаңы кафедраларды ачты. К.Сулайманованын кесиптеши Раушан Осмонова жаңы ректор Окумуштуу кеңешинин курамын кеңейткенин билдирди. Анын ою боюнча, бул тартип бузуу деп эсептелет.

Ошондой эле, Сулайманованын сөзүнө караганда, «КУУнун 6 адамдан турган камкорчулук кеңешине Кыргызстандагы жеке менчик мектептердин түйүнүн жетектеген Түркиянын жараны менен Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов кантип кирип калганы түшүнүксүз». «Ал эми Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин ордуна кереметтүү түрдө КУУнун камкорчулук кеңешинин төрагасы Улуттук илимдер академиясынын президенти Акматалиев болуп калды». Окутуучу эртең Бишкек шаарынын мэриясына КУУнун ректору Канат Сыдыковго каршы митинг өткөрүү тууралуу кабар жиберерин билдирди.

Аталган университеттен, өз кезегинде, К.Сулайманова менен А.Айтбаеванын даттанууларын караштыруу үчүн комиссиялар жана ар кандай деңгээлдеги текшерүүлөр түзүлгөнүн белгилешти: Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясы, Профсоюздардын борбордук комитетинин Ведомство аралык комиссиясы, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын: Билим берүү жана илим министрлигинин ,Финансылык полициянын жана Эсептик палатанын аудиторлору. Жалпысынан 16 текшерүү жүргүзүлгөн. «КУУнун жана ректордун ишмердүүлүгүн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө арыздануучулардын бир дагы далили өз ырастоосун таппаганын өзгөчө белгилей кетүү керек», - деп билдиришти ЖОЖдон.

Учурда КУУнун ректору менен К.Сулайманова соттошууда — 2017-жылы маалымат жыйында Сулайманова ректорду коррупция менен айыптагандан кийин ректор намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо жөнүндө доо менен сотко кайрылган. Ошол маалымат жыйынды чыгарган ЖМКлар сотто жоопкер болушат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up