Өзгөндүн айылдарындагы 2 мектеп курулуш, оңдоп-түзөө иштерине муктаж

Өзгөндүн айылдарындагы 2 мектеп курулуш, оңдоп-түзөө иштерине муктаж

Билим АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева (КСДП) өкмөттөн Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын Куршаб жана Кысык-Алма айылдарындагы мектептерди оңдоп-түзөөгө көңүл бурууну суранды.

Анын айтымында, премьер-министр мурдараак 70%ы курулуп бүткөн объектилерди аягына чыгаруу үчүн каражат бөлүүнү убада кылган. Бул мектепке министрлер кабинетинин башчысы өзү барган. Кысык-Алмада жааган кар дубалдарды урап түшүүгө алып келүүдө.

Ошондой эле, Куршаб айылындагы мектеп 1973-жылы курулуп, учурда капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.

«Түшүнөм, бюджет кичине, бирок 2018-жылы жок дегенде ушул объектилердин курулушун баштоо керек. Биз оңдолуп, курула турган объектилердин тизмесин сураганбыз, бирок аны дагы деле ала элекпиз», - деп белгиледи депутат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up