ОшМУда окутуучулар арасындагы спартакиада жыйынтыкталды

ОшМУда окутуучулар арасындагы спартакиада жыйынтыкталды

Билим АКИpress - Кышкы эс алуу убагында Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун 4 түрү боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдештер уюштурулду. Волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын факультеттеринен, колледждеринен, лицейлеринен жалпы 20 команда катышты.

Аталган спорттук мелдеш 11-январь күнү башталып, 13-январь күнү жыйынтыкталган. Жыйынтыгында командалык эсепте 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультетинин командасы, 2-орунду Бизнес жана менеджмент факультети, 3-орунду Медициналык колледжинин командасы ээлешти.

Мелдештин жеңүүчүлөрү ректорат жана профсоюз уюму тарабынан баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышат. Ошондой эле, мыкты оюн көрсөткөн спортчуларга да сыйлыктар ыйгарылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up