ОшМУда мектеп окуучулары үчүн кышкы лагерлер өз ишин баштады

ОшМУда мектеп окуучулары үчүн кышкы лагерлер өз ишин баштады

Билим АКИpress - Ош мамлекеттик университетинде мектеп окуучулары үчүн кышкы лагерь өз ишин баштады. Бул багытта бардык факультеттерде түрдүү багыттагы иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Учурда дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине Араван райондук балдардын чыгармачылык борборунун чет тили ийриминин жетекчиси Ж.Хожиматов 34 окуучусу менен келсе, Ош шаарындагы «Келечек» балдардын чыгармачылык борборунан 12 окуучу, Ош шаарындагы №31 Курманжан датка мектебинен 22 окуучу, шаардын №26, №36, №41 орто мектептеринен жана SECOM окуу борбору аркылуу Чоң Алай районунан келип, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдык көрүп жаткан окуучулар келишти.

Иш-чаранын алкагында окуучуларга факультеттин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеобаян көрсөтүлдү. Экинчи бөлүгүндө факультеттин деканы С.Ш.Калыгулова сөз сүйлөп, фонетика жана грамматика кафедрасынын башчысы А.Акматова, Америка жана котормо таануу кафедрасынын башчысы Г.Аипова факультет жөнүндө кызыктуу презентацияларды көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары үчүн интерактивдүү оюндар уюштурулуп, суроо-жооптор, пикир алмашуулар орун алды. Ошондой эле, окуучуларга университеттин бардык адистиктери боюнча маалыматтар камтылган буклеттер таркатылып берилди.

Кышкы лагерди уюштуруудагы негизги максат — мектеп окуучуларын кесипке туура багыттоо, университетте түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берүү, тил үйрөнүүгө болгон кызыгууларын арттыруу, чет өлкөлөрдөн билим алууга жол ачкан ОшМУнун эл аралык программалары, университеттин чет өлкөлүк окуу жайлары менен түзүлгөн келишимдери боюнча маалымат берүү.

Аталган иш-чара факультеттин карьера бөлүмүнүн жетекчиси Н.Эрмекбаева тарабынан уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up