Кыргызстандын жарандары кайсы 7 өлкөнүн ЖОЖдорунан акысыз билим ала алышат?

Кыргызстандын жарандары кайсы 7 өлкөнүн ЖОЖдорунан акысыз билим ала алышат?

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлигинен Билим АКИpress сайтына Кыргызстандын жарандары үчүн чет өлкөлөрдүн өкмөттүк билим берүү квоталары тууралуу маалымат беришти.

Кыргызстандын жарандары квоталардын алкагында жогорку билимди төмөнкү өлкөлөрдөн ала алышат:

1. Россия. Кыргызстан өкмөтү менен Россия Федерациясынын оротосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде (Москва шаары, 1996-жылдын 29-марты).

КР менен РФ ортосундагы студент алмашуу мурдараак тараптардын Билим берүү жана илим министрликтери аткаруучулар болуп чыккан өкмөт аралык келишимдин (1996-ж.) негизинде ишке ашырылат. 2014-жылдан тарта, РФ Билим берүү жана илим министрлигинин катына ылайык, талапкерлерди тандоо жана алардын документтерин жөнөтүүгө кыргыз тараптан КРдагы Россия кызматташтыгынын өкүлчүлүгү жоопкерчиликтүү болуп калган.

Ошентип, 2014-жылдан баштап Россия Федерациясы тарабынан бөлүнгөн орундар Россия кызматташтыгы тарабынан бөлүштүрүлөт. Анын ичинде өкмөт аралык, ведомство аралык, ЖОЖдор аралык келишимдер боюнча квоталар бар.

КР жарандарын РФ ЖОЖдоруна кабыл алуу боюнча сандык маалыматтар:

2015-2016-окуу жылы: 445 квота (орундар Россия кызматташтыгы тарабынан бөлүштүрүлгөн)
2016-2017-окуу жылы: 300 квота (орундар Россия кызматташтыгы тарабынан бөлүштүрүлгөн)
2017-2018-окуу жылы: 400 квота (орундар Россия кызматташтыгы тарабынан бөлүштүрүлгөн).

2. Казакстан. Кыргызстан өкмөтү менен Казакстан өкмөтү оротосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде (Астана шаары, 2006-жылдын 4-июлу).

2006-жылдан бери тараптар эки мамлекеттин ЖОЖдорунан 5тен бюджеттик орундарды бөлүшөт. Бюджеттик орундар тууралуу маалымат тиешелүү жылдын жаз айында келип түшөт да, министрликтин сайтына, «Кутбилим» гезитине, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына илинет. Документтерди кабыл алуу КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

2017-жылы талапкерлерди тандоо министрликтин буйругу менен түзүлгөн уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлгөн. Тапшыруу сынактары:

- бакалавриат деңгээли үчүн: Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун базасында тандалган окутуу багытына тиешелүү предметтер боюнча тестирлөө формасында жүргүзүлгөн;

- магистратура деңгээли үчүн: аңгемелешүү фомасында жүргүзүлгөн.

Сынактык упайдан өткөн абитуриенттердин тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырылат.

3. Белоруссия. Кыргызстан өкмөтү менен Беларусь Республикасынын өкмөтү оротосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде (2006-жылдын 27-ноябры).

Адистерди, аспиранттарды, докторанттарды даярдоо, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу жана стаж өтүү боюнча алмашууга 10 бюджеттик орун каралган.

Бюджеттик орундар тууралуу маалымат тиешелүү жылдын жаз айында келип түшөт да, министрликтин сайтына, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына илинет. Документтерди кабыл алуу жана кирүү сынактарын жүргүзүү казакстандык өкмөттүн квоталары боюнча тандоо процессине окшош келет. Кирүү сынактарынын жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин белорус тарапка жиберет.

4. Тажикстан. КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Тажикстан Билим берүү жана илим министрлиги оротосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде (Бишкек шаары, 2007-жылдын 15-марты).

Тажикстандын ЖОЖдорунан билим алуу үчүн жыл сайын 25 бюджеттик орун бөлүнөт.

Тажикстандын ЖОЖдоруна тапшыруучу абитуриенттер үчүн кабыл алуу жана тандоо Кызыл-Кыя геотехнология жана жаратылышты пайдалануу институтунун, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында Рудаки атындагы Кыргыз Республикасындагы тажиктердин коомдук биримдиги тарабынан жүргүзүлөт.

5. Түркия. КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркия Республикасынын Улуттук агартуу министрлиги оротосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде (1996-жыл).

2012-жылдан баштап Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги Түркиянын ЖОЖдоруна тандоо жана кабыл алууну жүргүзүп келет. Ага КРнын Билим берүү жана илим министрлиги кийгилишпейт. Талапкерлерди каттоо «Түркия стипендиялары» (Turkiye Burslari) стипендиялык программасынын сайтында онлайн режиминде ишке ашырылат. Тандоо боюнча акыркы чечимди Түркия президентине караштуу Билим берүү боюнча кеңеши кабыл алат.

6. Кытай. КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги оротосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде (2015-жылдын 16-декабры) жана мамлекеттердин өкмөттөрү — Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде (2006-жылдын 15-июну).

Кыргызстандын жарандары Кытайдын ЖОЖдорунан бюджеттик негизде билим алуу үчүн жыл сайын квоталарды бөлүү каралат.

2017-жылы Кыргызстандын жарандары үчүн 23 өкмөттүк стипендия бөлүнгөн. Министрликтин буйругу менен уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына министрликтин, Өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык коомчулуктун өкүлдөрү киришкен («Патриот KG» коомдук биримдигинин президенти, Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү).

Сынак тууралуу маалымат министрликтин сайтына, «Кутбилим» гезитине, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына (маалымат агенттиктеринин сайттары) илинген. Жалпысынан катышууга 49 билдирме келип түшкөн.

Сынактар 2 тур менен өткөн:
1. кытай/англис тилдеринде эссе жазуу;
2. аңгемелешүү.

Чет тилин/окутуу тилин алып жүрүү деңгээли боюнча башкы талап эл аралык HSK сертификатынын болуусу болчу. Кирүү сынактарынын жыйынтыгы менен кабыл алууга сунушталгандардын тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланган.

7. Венгрия. КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин оротосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде (2016-жылдын 21-сентябры).

Венгрия тарабынан Кыргызстандын жарандары үчүн «Stipendium Hungaricum Programme» программасынын алкагында бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 25 бюджеттик орун бөлүү пландалган.

Сынактык тандоону жүргүзүүнү уюштуруу үчүн министрликтин буйругу менен уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына министрликтин, Өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү, ошондой эле жарандык коомчулуктун өкүлдөрү киришкен («Патриот KG» коомдук биримдигинин президенти, Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү).

Сынак тууралуу маалымат министрликтин сайтына, «Кутбилим» гезитине, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына (маалымат агенттиктеринин сайттары) илинген. Жалпысынан катышууга 118 билдирме келип түшкөн.

Программанын эрежелерине ылайык, талапкерлерди каттоо программанын расмий сайтында онлайн режиминде жүргүзүлөт. Билим берүү жана илим министрлиги биринчи тандоо турун — документтерди тандоо (документтер сынагы) жүргүзөт, андан кийин талапкерлерди тандоо турун (онлайн режиминдеги сынактар) Венгриянын ЖОЖдору ишке ашырат. Талапкерлер тууралуу акыркы чечимди Темпус коомдук фонду чыгарат.

Сынактык тандоонун жыйынтыгы 2017-жылы министрликтин сайтына илинген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up